Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу 27.03.2014 18:41

Өспүрүмдөр арасында жасалган кылмыш ишинин басымдуу бөлүгүн мүлк уурдоо кылмыштары түзөт, - К.Асанов

Turmush -  Өспүрүмдөр арасында жасалган кылмыш ишинин басымдуу бөлүгүн мүлк уурдоо кылмыштары түзөт, деп билдирди ички иштер министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Курсан Асанов бүгүн, 27-мартта балдардын абалы жөнүндөгү улуттук консультациянын жүрүшүүндө.

Маалыматта айтылгандай, 2013-жылы балдар кылмыштуулугунун саны 13%га азайган. Ошондой эле, ушул жылдын эки айы ичинде балдар арасындагы кылмыштуулуктун саны кыскарды.

2013-жылы өспүрүмдөр аркылуу жасалган кылмыш ишинин 51%ын, же 418 факты уурдоо боюнча болсо, кылмыштын 16%ы тоноо болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×