Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.03.2014 16:42

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүк тайганчынын сыры - фоторепортаж

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылынын тургуну Исмаилов Максаттын беш тайганы бар. Алардын аттары Принц, Асман, Тайбас, Бароон, Буудайык.

Бул аттарды өздөрүнүн мүнөзүнө жараша койгон. Мисалы, Принц баарынан чоң жана сулуу келет. Ал эми Бароон бийликти сүйүп, баарын башкарып турат. Буудайык эң күлүгү болуп, жонундагы тактар булут каптаган көккө окшош. Учурда Максат баардык тайгандарына тамак берип жаткан кези.

«Тайгандарга туура тамак берүү абзел. Антпесе, курсагы тойбой, ууру ит болуп калат. Андан сырткары этти бышырып берүү керек, себеп дегенде чийки эттин даамын татып калса малга кол сала баштайт. Азыр тайгандарды мен эле эрчитем. Себеп дегенде алар бир адамга гана баш ийип үйрөнүүсү керек, ошондо мыкты аң улоочу болушат. Негизи тайгандар абдан шамдагай келишет. Эгер бир нерсени кууп бара жатканда алдынан жар кезиксе шак токтоп кала алышат», - дейт Максат Исмаилов.

7

5

2

3

4

6

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×