Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусуМосква району 27.03.2014 10:43

Акыркы сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 14 өрт кырсыгы катталды: Москва районундагы талаадан трактордун салону күйүп кетти

Turmush -  Бүгүн, 27-мартта ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы сутка ичинде Бишкек шаарында 1 өрт кырсыгы, Ысык-Көл облусунда — 5, Чүй облусунда — 3, Жалал-Абад жана Нарын облустарында — 2, Ош облусунда — 1 өрт кырсыгы катталды.

Бишкек шаарында жайгашкан «Дордой» базарындагы «Яхьян Харук» кафесинини имаратынан өрт чыгып, 6 чарчы метр жери, шиферден жасалган чатыры күйүп кетти. Анын себеби отту этияттык менен пайдаланбагандыктан улам болгон.

Чүй облусунун Москва районунда талаадан ТСБ К-701 (мамномер 2253) тракторунун салону менен алдыңкы дөңгөлөктөрү, электр шаймандарын орнотууда эреженин сакталбагандыгынан улам күйүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×