Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуСокулук району 26.03.2014 18:21

Сокулук районунда 70 жаштагы пенсионердин өлүтүрүүгө шектелген эки жаран кармалды

Turmush -  Сокулук районунун «Топограф» дача участогунда 22-мартта 70 жаштагы пенсионердин сөөгү табылган. Бул кылмышка шектүү катары жергиликтүү 2 адам кармалган. Мындай маалыматты Чүй облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Саат 11:30 чамасында 1-май айылындагы «Топограф» дачасында Г.Владимир аттуу 70 жаштагы пенсионердин сөөгү табылган. Текшерүү учурунда жабырлануучунун башынан жаракат байкалгандыктан, ал кыйнап өлтүрүлгөндүгү шек жараткан.

Бул факты боюнча ККнын 97-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, бир катар экспертизалар дайындалган.

25-мартта жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 31 жаштагы Р.Нурбек жана 32 жаштагы С.Бектурсунду кармашкан. Учурда алар Сокулук РИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×