Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуМосква району 26.03.2014 17:57

Москва районунда 17 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Turmush -  Москва районунда жол кайгуул кызматынын кызматкерлери 17 жаштагы баланы сүзүп, жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармашты. Бул тууралуу 25-мартта Чүй облусунун ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-мартта болжол менен саат 22:00дор чамасында Ак-Суу айылындагы Шолохов көчөсү боюнча жеңил автоунаанын айдоочусу 17 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Жабыр тарткан баланы тез жардам бригадасы алып кеткен. Оперативдүү издөө иштеринин жүрүшүндө качып кеткен айдоочу кармалган. Ал Беловодское айылынын 39 жаштагы К.Аладимир экендиги аныкталган. Анын «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасы айып токтотуучу жайга өткөрүлгөн.

Учурда жол кырсыгынын кырдаалы аныкталып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×