Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуСокулук району 26.03.2014 14:53

Сокулук районунда таксистти коркутуп унаасын тартып алууга аракет кылгандар кармалды

Turmush -  

Сокулук районунда таксист кылмыштуу топтун кол салуусунан жабыр тартты. Анткени 3 жүргүнчү айдоочуну өлтүрөбүз деп коркутуп, анын автоунаасын өздөрүнө каттатууну талап кылышкан.

Чүй облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, 17-мартта 24 жаштагы айдоочу өзүнүн «Хонда-Фит» маркасындагы автомашинасы менен борбор калаага адамдарды ташуу менен иштеген. Түн жарымда Фучик жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде аны 20-25 жаштардагы 3 жигит токтотуп, Сокулукка жеткирүүнү суранышкан. Жолдо баратып алардын бирөөсү токтотууну суранган.

Андан соң кардарлардын бири айдоочунун тамагына отвертканы такап, чөнөтөк телефонун алган жана рулга олтурган. Ал машинаны Чат-Көл айылы тарапка айдап, ЧЧК каналына жеткен соң айдоочуну коркутуп, машинаны өздөрүнө каттатууну талап кылышкан. Ал мындай талапка макул болгон. Бирок Бишкекке келатканда аларды Чүй облустук ИИБнин түнкү күзөт бөлүмү токтоткон.

Милиция кызматкерлерин көргөн жабырлануучу кылмышкерлерден суурулуп чыгып, окуя тууралуу маалымат берген. 

Түнкү күзөт кызматкерлери алардын бирин кармап, милиция бөлүмүнө жеткирген. Ал 25 жаштагы Е.Игорь аттуу борбордун жашоочусу болуп чыкты. Кылмышка шектүүгө карата ККнын 168-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. 

Учурда качып кеткен 2 кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү такталып, кармоо иш-чарасы жүрүүдө. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×