Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусу 26.03.2014 11:04

Ошто январь-февраль айларында диний-эктремисттик маанайдагы 11 кылмыш катталып, анын 9уна кылмыш иши козголду

Turmush -  Ош шаарында январь-февраль айларында үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында диний-экстремисттик маанайдагы 11 кылмыш иши катталып, анын тогузуна кылмыш иши козголду. Ал эми кылмыш жоопкерчилигине 9 адам тартылган.

Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын кеңейтилген жыйынында Ош шаардык ИИБнын 10-бөлүмүнүн башчысы Азатбек Ташполотов билдирди.

Анын айтымында, диний-экстремисттик мазмундагы 358 мтериал алынган.

Ал эми ИИМдин Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси С.Өмүрзаков диний-экстремисттик ишмердүүлүк боюнча материалдарды басып чыгарууну каржылаган булактарды аныктоо боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×