Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуАлай району 26.03.2014 10:25

Аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу түштүктөгү тоолуу унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын 25нен 28-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу республиканын түштүк аймагындагы тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү түшүп, кар түрткүсү пайда болот жана жолдор тайгак болот.

ӨКМ басма сөз кызматы маалымдагандай, Алай районундагы Мырзаке – Кара-Кульджа - Алайкуу (45-90 км, 145-150 км), Ала-Бука-Каныш-Кия (62-100 км) унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.

Буга байланыштуу айдоочулар унаалардын аралыктарын 500 метрге сактоосу керектигин ӨКМ эскертет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×