Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 25.03.2014 13:24

Кадамжай районунда диний экстремизмге байланыштуу 7 жаран жоопко тартылган

Turmush -  Өткөн жылы Кадамжай районунда диний экстремизмге байланыштуу 7 кылмыш иши козгологон. Алардан Үч-Коргон айылынын 5 жашоочусу тыюу салынган диний уюмдун ишмердүүлүгүн жүргүзгөнү үчүн жоопко тартылган.

Кадамжай районунун прокурору Маматкасым Жапаровдун айтымында, акыркы убакта Үч-Коргон айылында экстремисттик уюмдун мүчөлөрү көпчүлүгү аялдар.

Белгилей кетсек, Кадамжай районунун тургуну Алишер Абдукахаров өткөн жылдын 16-декабрында колго түшүрүлгөн. Ал эл аралык террордук уюмдун мүчөсү, Сириядагы согушка катышып келип, адамдарды үгүттөп жүргөнү аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×