Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 25.03.2014 09:45

Кадамжайдагы Баяман Баатыр базарында чыккан өрттөн 15 контейнер толугу менен күйүп, 30 млн сом чыгым тартты

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы Баяман Баатыр базарында чыккан өрттөн 15 контейнер толугу менен күйүп, жалпы суммасы 30 млн сом материалдык чыгым тарткан. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдайт.

Аталган базардагы өрт коопсуздугу боюнча адистин айтымында, өрт чыгаары менен эле тез арада өчүрүүчү кызматы чакырылган.Тилекке каршы, 5 контейнер бир учурда өрт чыккандыгына байланыштуу адистер өчүрүүгө жетишпей калган.

Баяман Баатыр базарынын башчысы Умсунай Эркинбаеванын айтымында, мындай кырсык соода дагы атаандаштыктан келип чыгышы мүмкүн. Ал эми соодагерлер өрт кырсыгы өрт коопсуздугун сактабагандыктан чыкканын айтышса, Кызыл-Кыя, Кадамжай аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын адистеринин айтымында, бул өрт электр тогунан улам чыккан эмес.
Учурда өрттүн чыгуу себептери боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×