Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 24.03.2014 18:50

Каракөл шаардык кеңештин экс-депутаты А.Арзымбаев кол салуу боюнча өз версиясын айтып берди

Turmush -  Бүгүн, 24-мартта АКИpress агенттигине Каракөл шаардык кеңештин экс-депутаты Алтынбек Арзымбаев («Ата Мекен» партиясынан) «Динамо» стадионунда ага болгон кол салуу фактысынын версиясын айтып берди.

Анын айтымында, кечээ, 23-мартта «Динамо» стадионунда ал катышкан мелдеш болгон. Оюн бүтүп, ал сыртка чыкканда «Мерседес» автоунаасы келип токтоп, ичинен эки жолу ок атлган.

«Ок атуулар автоунаанын салонунан болгон, ошондуктан октордун калдыгы жок. Мага ок тийген жок, бирок биз турган сеткада издери калды. Ошондой эле жанымда турган таанышым Акыл жарадар болду. Бул машина райондо 20 мүнөттөн бери кыдырып жүргөндүгүн жана машинада 3 маскачан адам бар болгонун тааныштарым айтышты», - деди ал.

Таанышы Акыл кандай жарадар алгандыгы жана учурда ал кайда экендиги тууралуу суроого А.Арзымбаев, таанышына чала албай жаткандыгын билдирди. «Анын телефону өчүк. Анын азыр кайда экендигин мен билбейм», - деди.

Депутат, бул саясий буйрук экендигин белгилеп, «Бул териштирүү эмес. Муну саясий адамдар буйрук кылышты. Анын ким экендиги да, негизинен мага белгилүү. Бирок, анын ким экендигин ачыкташ үчүн мен жогору турган адамдарга кайрылышым керек », - деди ал.

А.Арзыбаев, милиция ЖМКларга так эмес маалымат бергендигин кошумчалады. Анын айтуусунда, ал милицияга болгон окуя тууралуу билдирген эмес. «Мен эч кимди чакырган эмесмин. «102»ге анонимдүү чалуу болсо керек. Милиция өзү эле келди», -деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×