Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуТоң району 24.03.2014 14:46

Айыл турмушу: Тоңдуктар бала күнүнөн жорго таптоонун сырларын билишет фоторепортаж

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын жорго, күлүктөрү Республикалык ар кандай мелдештерде алдыңкы орундарды багынтып келишет. Ал эми жорго таптоо сырларын алар бала кезинен үйрөнүшөт.

Алардын бири Таштанов Адис. Ал 10 жашынан жорго таптап, ар кандай мелдештерге катышат.

Жаш саяпкердин айтымында, анын 8 жоргосу бар. Алардын ичинен «Нурпери» атту атын эң жакшы көрөт. «Бул жорголор бири-бирине такыр окшош эмес. Алардын ар биринин кыялы ар башка. Аттардын ичинен «Нурперинин» кыялы чатагыраак. Аны урушуп, жаман айтканга болбойт», - дейт Адис Таштанов.

Ал эми мелдешке даярданып жаткан жорголорго күнүнө 10 кг.дай жем кетет. Тамактангандан кийин 2 саат атты аса байлоо керек. Ошондой эле күнүнө жорго салдырып, жоргосунан жазбоого көнүктүрөбүз, дейт саяпкер.

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×