Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусу, Токмок 21.03.2014 13:23

Чүй облусунда «Хизб ут-Тахрир» уюмунда мүчө катары турган 5 аял кармалды (видео)

Turmush -  Чүй ОИИБдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери менен УКМКнын Чүй облусундагы башкармалыгы тарабынан Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк үчүн тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» экстермисттик бирикменинин активисттеринин жашаган жерине масштабдуу тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул туууралуу бүгүн, 21-мартта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ыкчам текшерүү иш-чаралары бир учурда «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү жашаган 5 дарек боюнча жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө, экстремисттик маанини камтыган көп сандагы электрондук жана жазуу түрүндөгү материалдар, ошондой эле бүткүл дүйнөлүк халифат идеясына үгүттөөчү тыюу салынган башка адабияттар табылды.

«Хизб-ут-Тахрир» уюмунун башкаруучуларынын бири болгон 1978-жылы туулган жаран, Токмок шаарынын тургунунун үйүн текшерүү маалында тыюу салынган экстремисттик маанидеги китептер, күндөлүк, компакт-дисктер, болокноттор менен көп сандаган кагаздар табылып, алынды. Ошондой эле, белгилүү болгондой аталган уюм жаш кыздарды үгүттөө менен активдүү алектенип, аларды күн сайын сабак өтүү үчүн алып келип турушкан. Эң жаш окуучусу 16 жашта болгон.

Атайын жүргүзүлгөн текшерүү ишинин жыйынтыгы менен ички иштер органдарына колго түшүрүлгөн 5 аял жеткирилип, алардын бири аталган топтун лидери (мушриф) болуп эсептелет.

Учурда топтолгон материалдардын бардыгы мындан аркы иликтөө иштери үчүн УКМКнын иликтөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле, «Хизб-ут-Тахрир» экстремисттик уямунун башка дагы мүчөлөрүн тактап, камакка алууга жана алардын ишмердүүлүгүнө каршы багытталган иш-чаралар улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×