Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусу 21.03.2014 10:32

Милиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен ворухтук тажик жаранынын кыргыз атуулуна болгон 10 миң сом карызы өндүрүлдү

Turmush -  Баткен ОИИБ кызматкерлери менен Тажикстандын Исфара районунун милиция кызматкерлери биргелешкен күзөттүн натыйжасында тажик жаранынан кыргыз атуулуна карызы толугу менен өндүрүлүп берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Баткен ОИИБ басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өткөн жылдын октябрь айында Ак-Сай айыл округунун Капчыгай айылынын тургуну Зикиров Борубек Тажикстандын Ворух айылынын тургунуна 10 миң сом өлчөмүндөгү акчага өрүк отунун сатып, бирок бүгүнкү күнгө чейин өндүрө албай келген.

Чек арадагы чыр-чатактардан кийинки биргелешкен күзөттүн натыйжасында 14-мартта тажик жаранынан кыргыз атуулуна бересеси толук өндүрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×