Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу 20.03.2014 13:01

Ысык-Көлдө мектептин киепканасы жана чатыры өрттөндү

Turmush -  Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы Ж.Абдрахманов атындагы орто мектебинин китепканасы жана мектептин чатыры өртөндү. Бул тууралуу аймактык кабарчы Замир Асаналиев билдирди.

Облустук өрткө каршы кызматынын билдирүүсүндө, Ананьево айылындагы Ж.Абрдрахманов атындагы орто мектебинин чатырынын 80 чарчы метр аянты жана китепкананын 40 чарчы метр аянты өртөнгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр китепканадагы өрт чалган плакат китептердин 700 кг.га жакынын өрттөн сактап калышкан. «Азыркы учурда өрттүн чыгуу себептери аныкталууда. Кырсыктан жабырлангандар жок», - деп маалымдашты өрткө каршы күрөшүү кызматынан.

Өрт кырсыгы тууралуу кабар саат 15:58де келип түшкөн, 18:50дө толук өчүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×