Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу 20.03.2014 10:37

Ошто эки ай ичинде 13 жаш өспүрүм жол кырсыгына кабылып, экөө каза болгон

Turmush -  Ош облусунун аймагында үстүбүздөгү жылы 2 ай ичинде 15 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 13 жаш өспүрүм кырсыкка кабылып, анда 2 бала каза болгон. Бул туурасында Ош ИИБнын жол кайгуул кызматынын үгүт насаат иштери боюнча тескөөчүсү Азиз Пазылов билдирди.

«Ушул сыяктуу жол кырсыктарды алдын алуу максатында Ош облунда атайын рейд уюштурулуп, ал атайын балдарга арналат. Анткени, учурда балдар эс алууда болуп көчөлөрдө топтолуп ойношот, рейт да балдардын топтолгон жерлеринде өтөт», - дейт өз сөзүндө А.Пазылов.

Белгилей кетсек, рейд 20-марттан 1-апрель күнүнө чейин созулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×