Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 14.03.2014 10:02

Айыл турмушу: Селден келген тамырлардан табылга тапкан Таштанбек (фоторепортаж)

Turmush -  Жалал-Абадобластына карашту уТаш-Көмүр шаарынын тургунуТаштанбек Сооронбаев ар дайым жаз мезгилин өзгөчө күтүпжашаган инсан. Себеби ал жаз келээри менен селден келген тамырларды чогултууну баштайт. Анткениал, дал ушул агынды суулардан келген тамырлардан түркүн сувенирлерди жасайт.

Анынайтымында, коомчулук сайдын жээктерине агып келген тамырларга маани беришпейт. Деген менен табийгаттын түрдүү сырлары дал ушул сай жээктеринде жатат экен.

Биздин каарман дайым селден келген отундарды тандыр очокторго терип келчү. Ошентип отун чогултуп жүргөн күндөрдүн биринде аркардын башын чагылдырган тамырды таап алган. Мына ушул табылгадан тартып ал экологиялык сувенирлерди жасоону өзүнүн кесибине айландырган.

«Таап алган аркардын башын үйгө илип койгон элем. Үйгө бир күнү Акбар деген сүрөтчү келип калып, мындай сувенирлерди табуу, жасоо өтө кыйын. Дүйнөдө өтө жогорку деңгээлде бааланат. Бул чоң искусство. Сенде талант бар турбайбы өстүрүш керек, деп өзүнүн насаатын айтып кеткен. Ошол күндөн тартып, сай жээктериндеги тамырларды жыйноону баштаганмын», - дейт биздин каарман.

Таштанбек мырза 27 жылдан бери тамырларды табылга катары аздектеп топтомой, аларды жаныбарлардын окшоштугуна карап кыркып, жасалгалап, бир аз боёк берип коюуну негизги жумушум катары кабылдап, адатка айландырып келет. Кызыгы туугандары Таштанбектин үйүнө куру келбей дайым мүшөктөп тамырларды жүктөй келишет экен. Таштанбек коомго болгон ой-пикирин өзүнүн жасаган сувенирлери аркылуу берген.

Каарманыбыздын белгилешинче, жасаган буюмдарга ысым берүүдө бир топ түйшүк жаралат. Кээ бир буюмдарын өз идеясы менен жасаса, айрымдары өзүнчө бир сырдуу табышмак катары, ал күтпөгөн сувенир катары чыга келет.

Аргасы кеткенде, туура ысым берүү үчүн сүрөтчүлөргө кайрылат. Жасаган буюмдарынын «Кыялкеч бөртө», , «Кыялдын орундалышы», «Жашоонун айлампасы», «Кош дулдул» деген сыяктуу ысымдары да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×