Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуКочкор району 11.03.2014 11:58

Айыл турмушу: Кочкордо 26 жаштагы тургун 20 миң сомго эмерек чыгаруучу ишкана ачты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну жаш ишкер Кубанычбек уулу Автандил мындан 3-жыл мурун кичи чакан насыя берүү компаниясынан 20 миң сом алып, эмерек жасап баштаган. Учурда Автандилдин ишканасында 2,5 млн сомдук каражат айланып турат. Бул тууралуу «Баракелденин» аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка карасак, Нарын облусунун аймактарын жана Кочкор, Жумгал райондорунун калкын эмерек менен камсыз кылып келе жаткан Кочкор районунун жаш тургуну жакында эмерек сатуучу чоң дүкөн ачсам деген оюу бар.

«Азыркы учурда ишканада 7 адам иштейт, эмерек жасоочу ишкананы ачканыбызга 3 жылдын жүзү болду, азыркы убакта материалдарды көбөйтүп, кичи чакан цехтерди эмерек жасай турган материалдар менен камсыздап жатабыз. Жардамдашып деле эч ким салымын кошкон эмес, өзүбүз кичи насыя берүүч компаниясынан 20 миң сом алып, ошону менен баштаганбыз», - дейт А.Кубанычбек уулу.

Ал кошумчалагандай, керебеттерден бөлөгүн жасап келишет, ашкана жабдыктары, үстөл, отургучтар бары эле жасалат. Азыркы айланып жаткан каражат 2,5 млн сомго барат, жабдыктардан сырткары. Эмгек акыны иш кылганына жараша төлөп беребиз, болжолдуу 15 миң сомго барат. Жергиликтүү бийлик тарабынан колдоолор болсо жакшы болмок,ишкананы кеңйтүүгө жер тардык кылууда. Бир катар жумушчу орундарды түзүп берет элек. Эмерек жасоочу жабдыктардын баары Кытайдан жана Түркия өлкөлөрүнөн келген», - деп кошумчалады ал.

IMG_1552

IMG_1541

IMG_1568

IMG_1558

IMG_1556

IMG_1546

IMG_1571

IMG_1545

IMG_1554

IMG_1553

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×