Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусуКадамжай району 13.02.2014 12:49

Айыл турмушу: Кадамжайдын 67 жаштагы тургуну К.Закиряев кышкы суукта Жийделик көлүнө күнүгө жуунат

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районунун 67 жаштагы тургуну Кутбилла Закиряев кышкы суукта Жийделик көлүнө күнүгө жуунат. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Кутбилла Закиряев жаш чагынан бери оор атлетика менен алектенет жана Кадамжай районундагы Дугаба муз тоңгон сууга түшөт.

Анын айтымында, суу адамдын ден соолугун чыңдайт жана жан дүйнөнү тазалайт.

«Сууга болгон сүйүүдөн улам Кызыл көлүнө, Байкал көлүнө жана Москва дарыясына, Ысык-Көлгө түшүп жүрөм», - дейт К.Закиряев.

Ал 50 жылдан ашык маданият тармагында иштейт, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун бүтүрүүчүсү болуп саналат жана бир катар өкмөттүк сыйлыктарга ээ.

Ал жаштарды маданиятка жана спортко тарбялоо үчүн өз алдынча ар кандай сынактарды өткөрүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×