Бөлүмдөр
Жекшемби, 29-март

Баткенде коронавирус боюнча эл арасында тараган сөздөр чындыкка дал келбейт

Turmush -  Баткенде коронавирус боюнча эл арасында тараган сөздөр чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда: «Баткен облусунда коронавирус жок. Изоляциядагы жарандардын анализи таза чыкты. Алар үйлөрүнө жиберилди, аймакта карантин аяктады» деген маалыматтар тараган. Коронавирус оорусуна байланышкан маалыматтарды республикалык жана облустук ыкчам штаб таратып, алар расмий массалык маалымат каражаттарынан гана маалымдалат.

Азыркы учурда Баткен облусунда коронавирус боюнча бир учур аныкталган жана ал жаран тиешелүү дарылоодон өтүп жатат. Ал эми изоляциядан азырынча эч ким чыгарыла элек. Аймакта өзгөчө кырдаал режими сакталып, санитардык карантиндик посттор күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Жалган маалымат тараткан адамдар боюнча учурда укук коргоо органдары иштеп жатат. Алар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×