Бөлүмдөр
Жекшемби, 29-март

Ак-Суудагы «Ооруну бирге жеңебиз» акциясында 1 тоннадан ашык сүт чогулду. Сүрөт

Turmush -  Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылында «Ооруну бирге жеңебиз» акциясы уюштурулуп, жергиликтүү тургундар бир күндүк сүттү илдет менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине жиберишти.

Демилгечи Азамат Калмакиевдин айтымында, айыл эли сыр заводго өткөрүп жаткан сүтүн медицина кызматкерлерине берүүнү чечишкен.

«Кечээ аталган акциянын алкагында медицина кызматкерлерине жардам берүү демилгесин көтөрүп, социалдык тармакка билдирүү жазгам. Айыл эли колдоп, алды 100 литр, аз дегени 5-6 литр сүтүн беришти. Айылдан 1 тонна 200 литр сүт чогулду. Анын 500 литрин Ак-Суу райондук ооруканасына, 500 литрин райондогу аялдардын психоневрологиялык жатак мекемесине бердик. Ошондой эле 100 лирт сүттү Каракол шаарындагы тез жардам кызматына, калганын облустук СПИДге каршы күрөшүү борборуна бердик. Учурдагы абалды айы эли ынтымак жана биримдик менен жеңүүгө аттандык», - дейт демилгечи Азамат Калмакиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×