Бөлүмдөр
Жекшемби, 29-март
Ош облусуОш 26.03.2020 12:23

Ошто санитардык-карантиндик посттор көбөйтүлдү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош облусунда санитардык-карантиндик посттор көбөйтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында 11, ал эми Ош облусунун аймагында 62 санитардык-карантиндик пост коюлуп, ал жерде милиция жана санэпидемстанциянын, ӨКМдин кызматкерлери иш алып барууда.

Дыйкандарга жана жайлоого мал айдап бара турчу малчыларга чектөө болбойт.

Санитардык-карантиндик посттордун коюлушунун максаты – адамдардын бири-бири менен байланышын чектөө. Ош облусунда 1 млн 315 миң адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×