Бөлүмдөр
Жекшемби, 29-март

«Алар Кыргызстанга келе албай жатышкан»: Түндө Токмокко Ирандан айдоочулар келишти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 25-мартта Ирандан келген айдоочулар обсервацияга алынды. Бул тууралуу ѳздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, Ирандан келген 25 киши Токмок шаарындагы №3 кичи райондо жайгашкан түрк лицейинин жатаканасына жаткырылган.

«Ирандан товар ташып иштеген айдоочулар чек арада көпкө чейин кармалып, Кыргызстанга келе албай жатышкан. Алар түндө Токмокко келип, обсервацияга алынды», - дешти ѳздүк булактар.

Токмок шаарынын мэриясы бул маалыматты тастыктап, келген 25 киши обсервацияга жаткырылганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×