Бөлүмдөр
Жекшемби, 29-март

Жумгалда ун кайрадан кымбаттады

Turmush -  Кечээ, 25-мартта Жумгал районунда 1400-1500 сомдук ун жок калгандыгын, ушундай эле сорттогу ундун баасы 1700 сомго чыкканын аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Соодагерлердин айтымында, учурда ун жок.

«Казакстандан келип жаткан ун калбай калды. Жергиликтүү ишкананын уну кымбат баада келип жаткандыктан ундун баасы көтөрүлгөн. Аны менен катар кесме 50-60 сом болгон», - деди алар.

Район бийлиги учурда Бишкек шаарынан арзан баада ун ташып келүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×