Бөлүмдөр
Жекшемби, 29-март

Сүрөт — Ысык-Көлдүн аймагына кар түштү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагына кар түштү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, кар Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, Ысык-Көл, Түп райондорунун аймагында жааган.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы 25-26-март күндөрү Кыргызстандын аймагында абанын температурасы кескин төмөндөп, жаан-чачын, тоолуу аймактарда карга айланышы мүмкүн экенин билдирген.

Бүгүн, 26-мартта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткендин айрым райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +7…+12

Талас облусунда +6…+11

Баткен облусунда +14…+19

Ош жана Жалал-Абад облустарында +14…+19

Ысык-Көл облусунда +5…+10

Нарын облусунда +5…+10

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×