Бөлүмдөр
Жекшемби, 29-март
Ош облусуОш 26.03.2020 09:21

Ошто тургундарды үйүнөн чыгарбай азык-түлүк менен камсыздоо аракети көрүлүүдө

Turmush -  Ош облусунда көчөлөрдү, базарларды, мектептерди, ооруканаларды, мечиттерди жана башка ушул сыяктуу коомдук жайларды дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Залалсыздандыруу иштери облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана 19-мартта түзүлгөн «Демилгелүү топтор» деп аталган активисттердин катышуусунда ишке ашууда. Ар бир айылда айыл башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жаштар жана социалдык кызматкерлерден түзүлгөн топтор тургундарды күн сайын үйүнөн чыгарбай керектүү азык-түлүк менен камсыздоо иштерин колго алууда.

Учурда залалсыздандыруу иштери Ош облусунун аймагында 87 пайызга аткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×