Бөлүмдөр
Жекшемби, 29-март

Ат-Башыдагы 21 мектеп онлайн режимде сабак өтүп жатат

Turmush -  Ат-Башы районундагы 21 мектеп онлайн түрдө сабак өтүүнү башташты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Дөөткулов билдирди.

Анын айтымында, бир жумадан бери онлайн түрдө окутуу жүрүп жатат.

«Бардык мектептин класс жетекчилерине тапшырмалар берилип, онлайн режимде окутуу боюнча программа кабыл алдык. Министрлик окуучуларды жылдагыдай эле каникулга таратабыз деген ойго келип жатат.

Мугалимдер окуучуларды WhatsApp аркылуу окутуп жатышат. Электрондук журнал, электрондук күндөлүккө өткөн мектептерге жеңил болууда. Ата-энелер, окуучулар менен мектептин байланышы жакшы болуп калды. Ар бир ата-энеде телефон болгондуктан бизге жеңилдик болуп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×