Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуНоокен району 14.02.2020 17:47

Ноокенде былтыр суицид фактысы катталган жок, - укук коргоо органдары

Turmush -  2019-жылы Жалал-Абад облусундагы район-шаарлардын ичинен бир гана Ноокен районунда төрөттөн улам каза болгон энелердин өлүмү катталган эмес. Чоң райондо улуулар жана балдар арасында өз өмүрүнө кол салган факт да катталган жок. Мындай маалымат «Биз кылмыштуулукка жана зордук-зомбулукка каршыбыз» деген аталышта өткөн жыйында белгилүү болду.

13-февралда Ноокен райондук прокуратурасынын демилгеси менен өлкө башчынын Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы жөнүндөгү жарлыгынын негизинде өспүрүмдөрдүн укугун коргоо, аларга карата зордук-зомбулукту алдын алуу менен ар тараптан колдоо көрсөтүү максатында, жыйын болду. Ага район акими Э.Маматаев, Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары А.Каримов, Ноокен районунун прокурору З.Жумабеков, райондун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурбек Сыдыков жана аксакалдар, аялдар кеңешинин өкүлдөрү катышты.

Район акими Эркин Маматаев тоголок жетим балдарды жер тилкеси менен камсыздоо маселеси эске алынып жатканын айтты.

«Ар бир жаран 18 жашка толгондон кийин турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга укугу бар. Бүгүнкү күндө Ноокен районунун аймагында 18 тоголок жетим балдар турак жай үчүн жер тилкесин алууга муктаж. Элди турак жай менен камсыз кылуу бардык жердеги көйгөй. Айыл аймак башчылары жер тилкесин берүү боюнча иш-аракеттерди көрүп жатат», - деди ал.

Район прокурору Замирбек Жумабековдун айтымында, район аймагында 2019-жылдын 12 айына карата жашы жете электерге карата 8 кылмыш, 4 жорук жасалып, ал эми өспүрүмдөр тарабынан 11 кылмыш жана 4 жорук жасалган.

«140 миңге жакын жашоочусу бар райондо 2019-жыл ичинде өзүн өзү өлтүрүү боюнча факт катталган жок. Кош бойлуу энелерибизди жоготкон жокпуз. Бул биз үчүн жакшы көрүнүш. Ар тараптуу түшүндүрүү иштерин колго алуу да өз жыйынтыгын берди деп ойлойм», - деди ал.

Ноокен районунун аймагында 54 мектептин ичинен 52 мектепке жана 34 бала бакчанын ичинен 25 бакчага видеокамералар орнотулганы да белгилүү болду. Жыйында зордук-зомбулукту алдын алууда коомчулуктун колдоосу күч экени айтылып, жарандарга кайдыгер болбоого чакырык ташталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×