Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Чүй облусуКемин району 14.02.2020 17:18

Кеминде Ооган согушунда курман болгон жоокерлерге арналып эстелик тургузулду

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарында советтик аскерлердин чектелген контингентинин Ооган жергесинен чыгарылышынын 31 жылдыгы белгиленип, Ооганда курман болгон жоокерлерге арналган жаӊы эстеликтин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эстелик Кемин шаарындагы «Жеӊиш» паркынан орун алды. Аталган райондук мамлекеттик администрациянын маалыматы боюнча, көп жылдан бери бул эстелик тургузулбай, иш аяктабай келген. Былтыр, 2019-жылы жергиликтүү бийлик органдары Ооган ардагерлери менен 500 миӊ сомдун тегерегинде акча чогултуп, ошол каражатка эстелик салышкан.

Эстеликти ачуу аземи райондук маданият үйүндө уланып, келген коноктор куттуктоолорун, эскерүүлөрүн айтышты. Ооган ардагерлерине, эстеликтин ачылышына көмөк көрсөткөндөргө сыйлыктар берилип, медалдар тагылды.

Кемин районунан Ооганга 1979-жылдан 1989-жылга чейин 194 жоокер чакырылып, анын ичинен 4 жоокер согуш талаасында курман болгон. Алар: Ак-Түз айылынан Сергей Дурасов, Жел-Арык айылынан Адияс Казыбаев, Кызыл-Октябрь айылынан Үсөн Куренов, Чым-Коргон айылынан Казыбек Орозалиев. Ушул маркум жоокерлердин ысымдары ташка чегилип жазылып, үстүнө БТР орнотулду. Андан сырткары эстеликтин айланасына таштаман төшөлүп, жарыктандырылып, жашылдандырылды.

Иш-чарага келген 250 конокко Кемин райондук маданият кызматкерлери жана мектеп окуучулары тарабынан концерттик программа тартууланды.

Учурда Кеминде 95 Ооган ардагери жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×