Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Чүй облусуТокмок 14.02.2020 16:59

Жыйын: Токмокто кылмышка барган өспүрүмдөрдүн саны өсүп жатат

Turmush -  Токмок шаарында кылмыштуулукка барган жашы жете элек балдардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат. Бул тууралуу Токмок ШИИБдин жашы өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Гүлзат Асаналиева укук коргоочулар катышкан жыйында билдирди.

Анын айтымында, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук кичи райондордо көп.

«Демек ал жерлерде ата-энелери чет өлкөгө иштегени кеткен балдар көп жашай турганынан кабар берүүдө», - деди ал.

Аталган жыйынга прокуратура кызматкерлери, РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери, шаар комитеттеринин, кварталдардын башчылары жана башкалар катышты. Анда, үй-бүлөлүк зомбулук, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, ишкерлерди коргоо боюнча маселелер талкууланды.

Токмок шаарынын прокурорунун орун басары Айтбек Аалиев жергиликтүү квартал, комитет башчыларын өздөрүнө караштуу аймактардагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көрүнүштөргө кайдыгер карабай, өз убагында тиешелүү органдарга кабар берип туруусун өтүндү. Ошондой эле ишкерлерди дайынсыз текшерүүлөр болуп калса токтоосуз маалымат берүү керектигин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×