Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуТоң району 14.02.2020 16:36

Тоңдо советтик армиянын Ооганстандан чыгарылганынын 31 жылдыгы салтанаттуу белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 14-февралда Тоң районунда советтик армиянын Ооганстандан чыгарылганынын 31 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Ооган согушунун ардагерлери, аким Д.Арпачиев жана жергиликтүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана мектеп окуучулары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Ооган согушунун ардагерлерине Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы, айыл өкмөттөрдүн сыйлыктары тапшырылды.

Ошондой эле райондук аскер комиссариатынын имаратынан райондук Ооган согушунун ардагерлер кеңешине иш бөлмө бөлүнүп берилип, аны керектүү эмеректер менен жабдуу үчүн 100 миң сом бөлүнө тургандыгы белгиленди.

Ооган согушунда Тоң районунан барган 4 жоокер курман болгон. Соңку жылдары 16 ардагер көз жумган. Учурда райондо Ооган согушунун 61 ардагери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×