Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Талас облусуТалас 14.02.2020 16:25

Сүйүү күнүндө Таластагы жаштар кандай белектерди алып жатышат?

Turmush -  Таласта 14-февралда сүйүү күнүнө карата гүл, жумшак оюнчуктар жана башка белектер сатылып жатат. Аймактык кабарчы алардын баасын тактап чыкты.

Сатуучу Сайкал Улукбекова: Негизи сүйүү күнүндө эмес, башка күндөрдө дагы гүлдөргө буйрутмалар түшүп турат. Бүгүн, 14-февралга карата атайын колдон жасалган кийиз, кагаз гүлдөргө жаш курактары 15-24 жаштагылар көп буйрутма кылышат. Ал эми кийиз гүлдөрдүн 1 даанасы 120-150 сомдон. Аларды 12-13-февралда атайын буйрутма кылып, 14-февралда алып кетишет. Алгандардын курактары 25 жаштан өйдөлөр.

Сатуучу Бакыт Кадырбеков: Жумшак мамалактар күнүнө 10-20тен өтүп жатат. Көпчүлүгү 13-февралда келип алып кетишет. «Мишкага» келгендердин жаш курактары 15-20 жашка чейинкилер. Алар 200 сомдон 1000 сомго чейинкилерин алып кетишет. Ал эми 20-28 жаштагылар 2500 сомго чейинкилерин алышат.

Зер буюмдарды саткан Назира Сейдеманова: Бүгүн, 14-февралда көбүнчө мектеп окуучулары «парные цепочки» алып кетип жатышат. «Love» деген жазуусу бар шакекчелерди дагы балдар алып кетип жатышат. 40 сомдон 350 сомго чейинки бижутериялар өтүүдө. 16-18 жаштагылар 400-450 сомдун тегерегинде кол сааттарды алышууда. Бүгүн 20-30 кардар белек алып кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×