Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 14.02.2020 16:10

Видео, сүрөт — Жалал-Абадда өкмөт башчы катышкан жыйынга жергиликтүү журналисттер кирген жок

Turmush -  Бүгүн, 14-февралда Жалал-Абад облусунда жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйын өтүп жатат. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышууда. Бул жыйынга КТРКдан башка ЖМКнын өкүлдөрү киргизилген жок.

Аймактык кабарчы билдиргендей, ЖКККБнын кызматкерлеринин коштоосунда келген өкмөт башчынын кортежи өкүлчүлүктүн короосуна киргенден кийин имараттын дарбазасы жабылды. Жыл жыйынтыгы чыгарылган коллегияга катышкандар тизме менен киргизилди.

Белгилүү болгондой, буга чейин жергиликтүү ЖМКнын өкүлдөрүнүн аты-жөндөрү такталып, өкмөткө сунушталган. Бирок КТРКдан башка ЖМКнын өкүлдөрү киргизилген эмес. Өкүлчүлүктөн 7 облуста тең башка ЖМКнын өкүлдөрү мындай жыйынга катышпаганын, өкмөттүн басма сөз кызматы жана КТРК гана катышып жатканын билдиришти. Ал эми башка ЖМКнын өкүлдөрүнүн катышпай калуусунун себебин ачыктаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×