Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Талас облусуТалас 14.02.2020 15:40

Дубайга жолдомо, муздаткыч: Сүйүү күнүнө карата Таласта жубайлардын сынагы өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 14-февралда сүйүү күнүнө карата Талас шаарында «Жубайлар» сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу Нурзат Өмүрканова билдирди.

Анын айтымында, сынактын негизги максаты — үй-бүлөнү бекемдөө, баалуулуктарын арттыруу.

«Сынакка 20 жаштан 35 жашка чейин 10 жуп катышууда. Программа үй-бүлөгө ылайыкталып түзүлгөн. 1-орунга 2 адамга Дубайга жолдомо, 2-орунга муздаткыч, 3-орунга сыналгы, 4-орунга чаң соргуч, 5-орунга алтын шакек коюлду. Калган орундарга дагы зер буюмдары берилет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×