Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуКаракол 14.02.2020 13:58 На русском

Караколдо унаа айдап качкан адам кармалды (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарында унаа айдап качкан адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

13-февраль күнү Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын 40 жаштагы тургуну кайрылган. Ал болжол менен кечки саат 18:50 чамасында Каракол шаарындагы таанышына барып, «Ауди С4» үлгүсүндөгү автоунаасын Гагарин жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде калтырып, кайра чыкканда таппай калганын билдирген.

Ошол замат «Колго түшүрүү» операциясы уюштурулуп, көрүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында Каракол шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан шектүү катары Каракол шаарынын 35 жаштагы тургуну С.А. кармалды. Аталган факт Каракол ШИИБ тарабынан Кыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдап качуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Шектүү Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына баш коргоо чарасы кабыл алынганча 48 саатка киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×