Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 14.02.2020 13:11 На русском

«Мен силерди кечирбейм»: Ооруканада 1,3 жыл жашаган Бурул апа өз балдары менен соттошуп, үйүнө кирди

Бурул Бекташева
Бурул Бекташева
// Turmush

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Т.Тайгараев айылынын 71 жаштагы тургуну Бурул Бекташева балдары өз үйүнө батырбай койгонун айтып, сотко кайрылган. Анын талабы канааттандырылып, үйү өзүнө кайтарылды.

Келини менен уулдарынын кордугуна кабылганын айткан эне жеке менчик ооруканада 1 жылдан ашуун баш калкалаган. Ал балдарынын ур-токмогуна кабылганы боюнча милицияга арыз менен кайрылып, учурда сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Ал эми уулдары апага бир нече жолу барышканын, үйгө кайтуудан баш тартып койгонун айтууда. Дал ушул үй-бүлөнүн абалын айыл тургундары элдик жыйында талкуулап, ага улгайган апанын балдары да катышты. Анда алар апасын өздөрү бага турганын айтып, коомчулукту бир тараптуу каралабоого чакырышты. Окуянын чоо-жайына аймактык кабарчы кызыгып көргөн.

Жашы жетимиштен ашып калган Бурул Бекташева 34 жашында жесир калып, экинчи турмуш күтпөй, чиедей болгон балдарын эрезеге жеткирген. Тазалагыч болуп иштеп жатканда уулдарынан кабар алуу үчүн үйүнө барам деп, жетекчилигинен тил уккан күндөрү да болгон. Кара жумушта иштеп жүрүп баккан балдарына эми карыганда керексиз болуп, алардын түрткүнчүк мамилесине туш болуп жатканын айтууда. Улгайган апа 1 жыл 3 ай ошол эле айылдагы эки кабаттуу болгон жеке менчик ооруканада күн кечирген. Мындан улам ал үйүнөн жай таап, жашоо кечирүү үчүн Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылган.

«Балдарым мага жакшы мамиле жасабай турганын айтып, 2016-жылы милицияга кайрылгам. Анан мамилебиз оңолуп кетер дегем, болбоду. Кечээ жакында экинчи жолу жаздым. Кичүү балам менен бирге турчумун, келиним экөөбүз келише албадык. "Үй муздап калыптыр, от жаксаң болбойт беле. Идиштер жуулбаптыр" деп келиним мага сүйлөнгөнүн койбоду. Бир жолу экөөбүз катуу айтышканда уулума: "Аялыңды кой дебейсиңби" деп айттым. Балам бутун учкаштырган абалда менин сөзүмө кебелген да жок. Үйдөн чыгып кетип, сиңдимде үч айдай жүрдүм. Ортончу балам Атайдын үйүнө бардым. Башында жакшы кабыл алышканы менен ал жерде да келиним кабагын салып баштады. Муздак бөлмөсүнө төшөк салып беришти. Бир күнү түнкү саат 23:00 чамасында ал жубайы, балдары менен бирге башка жакка жөнөп кетти. Буюм-тайымдарым менен мени эшикке чыгарып койду. Анан мен жеке менчик оорукананы иштеткен Бегайымга бардым, ал ошол имаратынан орун берди. Балдарым алып кетеби деп күттүм. 2019-жылы сотко колумда калган келиним менен уулум үйүмө батырбай жатканын айтып, үйүмдү мага кайтарып берүүнү суранып кайрылдым. Абдырахманов деген сот экен, бүт маселемди кунт коюп угуп, чечим чыгарып берди», - деди ал.

Аны 16 ай ооруканасына жашаткан 73 жаштагы Бегайым Таированын айтымында, бейтаптарга берилген тамак-аштан берип, өз мүмкүнчүлүгүнө жараша карашты. Балдары энесинен кечирим сурап, бат эле алып кетет деп күткөн. Бирок андай болгон эмес.

«Бурул мени менен жашташ, мурда дарыланып кеткени үчүн да жакшы таанып калгам. Түндө мага байланышып, эшикте калдым деди. Көрсө уулу жубайын, балдарын алып, башка жакка кетип калыптыр. Ооруканага жакын элесиңби десем «ооба» деди. Кыздарга дайындап, түндө жайгаштырып койдум.

Үй-бүлөдө түшүнбөстүк болуп турат. Бир күндөн кийин келишер деп балдарын күттүм. Ооруканада жатты. Менин алдыма эч кимиси келген жок. Бейтаптар көбөйүп кеткенде жанына шерик киргизип жаттым. Анан Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыкка, участкалык инспекторго кайрылды. Үй-бүлөлүк маселе деп, көп көңүл деле бурулбады окшойт. Анан сотко кайрылды, сот чечим чыгарды. Алгач элдешип алууга убакыт берилди, ошондо балдары келишти. Бирөөсү мага: "Эмнеге кармап отурасыңар. Чыгарып жиберсеңер үйгө барат да" дейт. Ачуум келип, "сени төрөбөй эле, боюнан алдыртып салса болмок экен" дедим. Эки тарапта тең бар, канткен күндө да эненин кыялына чыдаш керек. Сотуна мен да бир жолу күбө катары бардым. Келини экөө бат эле айтыша кетишет экен. Кандай болгондо да алардын энеси», - дейт Б.Таирова.

Ал эми уулу Атай Бекташев окуя андай болбогонун жана көзү тирүүсүндө энесин башкаларга бактырбай турганын айтты.

«Мага соттон чакыруу келген жок. Ушундай болуп жатыптыр деп эч кимди чакырган эмес. Мен келинимди да, апамды да жаман деп айтпайм. Ал менин апам. Ал мени багып, ушул даражага жеткирди. Көзүм тирүү болуп, алты саным аман болуп турганда башкаларга апамды бактырып койбойм», - деди уулу.

Бурул апанын кызы Нуржамал Бекташева үйдө эч кандай уруш, жаңжал болбогонун, энесинин эрки менен мамиле кылышканын айтат.

«Мен балдардын улуусумун, менден кичүү үч иним бар. Биздин апабыздын кыялы ушундай экен. Урушуп кете турган болсо, мен жараштырып коймокмун. Үйдө эч кандай уруш, жаңжал болгон эмес. Коомчулукка кайрыларым, биз эч качан энебизди таштабайбыз. Соттошуп, үйдү алдым деп айтып жатат. Биз өз калообуз менен үйдү бошотуп бергенбиз. Кичүү иним Россияда болчу, аны чакыртып, келгенден кийин бошотуп берди. Ооруканада жашайм десе ай сайын акысын төлөп туралы деп ойлогонбуз», - деди кызы.

Бурул апа быйылкы жылдын 11-февралында сот аткаруучулардын, жергиликтүү бийликтин катышуусунда өз үйүнө кирди.

Жалал-Абад шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу Алмаз Исмаиловдун маалыматына таяна турган болсок, эне менен бирге турган кичүү уулуна адегенде эскертүү берилген. Андан соң үйдөн мажбурлап көчүрүү чечими чыкканда уулу каалоосу менен турак жайды бошотуп берген.

«Жалал-Абад шаардык сотунун 2019-жылдын 11-ноябрында кемпирдин үйүндөгү уулун үй-бүлөсү менен чыгаруу боюнча чечими чыккан. Бизге былтыркы жылы 23-декабрда аткарууга келип түшкөн. Биз 10-январь күнү барып, он жумуш күндүн ичинде бошотуп коюуну эскерткенбиз. Ал убакыт аралыгында үй бошотулбагандыктан 11-февралда саат 10:00до мажбурлоо иретинде көчүрүү чечимин кабыл алганбыз. Биз барган учурда уулу үйдү бошотуп коюптур, энеге өткөрүп берди», - деди сот аткаруучу.

Ал эми айылдаштары үй-бүлөдөгү чыр интернет тармактарына чыккандан кийин кабардар болушканын айтышып, эне менен балдар элдешип алуу керектигин билдиришти. Ошондой эле 70 жаштагы апа уулдарын ачууга алдырып күнөөлөп жатканын, анын балдарын кичи пейил, жакшы инсан катары баалашты. Бул жыйынга Бурул Бекташева соттук-медициналык экспертизадан өтүп жүргөндүгүнө байланыштуу катыша алган жок. Ал эми уулдары эл алдында да энесинен кечирим сурашкан.

Жыйынга катышкандардын айрымдары балдары менен биргеликте эненин алдына барышты. Бирок ал балдарын кечирбей турганын, убагында азапка салышканын айтып көз жашын төктү. Учурда айылдаштар эне менен балдарын жараштыруу аракетин көрүп жатышат.

Б.Бекташеванын милицияга жазган арызы Жалал-Абад ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 75-беренесинин негизинде (үй-бүлөдөгү зомбулук) катталып, сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жатат. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×