Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ош облусуОш 14.02.2020 12:09

Эл ичи — өнөр кенчи: С.Жалаловдун спортчу шакирттери мелдештерде ийгиликтерди жарата баштады (видео)

Turmush -  Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну Сүйүнбек Жалалов 7 жылдан бери спорттун таэквондо түрү менен машыгып, азыр өзү машыктыруучу болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 3 жылдан бери Ош шаарындагы мектептердин биринде 7 жаштан 17 жашка чейинки окуучуларды таэквондо менен машыктырып жатат. Окуучулары мелдештерде алдыңкы орундарды алышат.

«Спорттун бул түрү адамды сергек жашоого үндөйт. Кореялыктардын улуттук оюну. Мен жаш кезимден бери эле спортко кызыгып, спорттун ушул түрүн тандап алгам. Учурда мектеп окуучуларын таэквондо менен машыктырып, эл аралык мелдештерге катыштырып келе жатабыз. 2020-жылдын башында 15 окуучу Ташкентте өткөн ачык чемпионатка катышып, андан 4 окуучум 1-орунду, 4 окуучум 2-орунду жана 7 окуучум 3-орунду камсыз кылышты. Алар 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар. Булардын ичинде Кыргызстандын чемпиондору жана түштүк аймактын чемпиондору да бар. Ташкенттеги ачык чемпионатта жеңишке жетишкен окуучулар Казакстан жана Тажикстанда өтө турган мелдешке жолдомо алышты. Кыргызстандын желегин желбиретип, Кыргызстанды таанытууга болгон аракетти жумшайбыз», - деди ал.

Машыгып жаткан окуучулардын арасында кыздар да бар. Алардын ичинен Бегимай Бахапова Ташкентте өткөн ачык чемпионатта 1-орунду камсыз кылган.

«Кичинемден эле таэквондого кызыгып жүрүп, 3 жылдан бери машыгып келем. Учурда 11 жаштамын. Машыктыруучубуздун айтканынан чыкпай, көптөгөн жетишкендиктерге жетиштим. Буйруса өлкөбүздүн желегин желбиреткенге аракет кылам», - деди Бегимай.

Сүйүнбек Жалаловду Кыргызстандын Таэквондо ассоциациясынын түштүк регионунун башкы машыктыруучусу Нурали Отабеков тарбиялаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×