Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Талас облусуТалас 13.02.2020 17:45

Жаш талант: 18 жаштагы Алсу ырчылык талантын таптап жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 18 жаштагы тургуну Алсу Солтокееванын ырдап калуусуна түрткү болгон. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, атын таенеси койгон. Үй-бүлөсү менен 7 жашка чейин Казакстанда жашап келген.

«Апамдын Айсана ал ашпозчу болуп иштейт. Атам Азат кайтыш болуп кеткен. Таенемдин аты Айымжан. Анын атасы татар болуптур. Мен төрөлгөн жылы Алсу деген ырчы айым белгилүү болуп, атагы чыгып жаткан учуру экен. Бул ысым татар элинен келип чыккан. Которгондо кызгылт суу дегенди билдирет. Жалпылап алганда сулуу дегенди туюндурат. Таенем дагы маанисине карап койгон. Атым ырдап дагы калуума түрткү болгон деп ойлойм. Апам дагы жакшы ырдайт. Таежем ыр жазып берген. Ага апам обон чыгарган. Мен аны майрамдык кечелерде ырдап жүрөм.

Көпчүлүк атымды туура айтышпайт, Алсулуу деп алышат. Мектептен сүрөт сабагынан берген агайым мектепти бүтүп кеткенче мен Алсу десем, ал Алису жүрдү. Бир классташ балам менин атыма окшоштуруп карындашын атын Алсу жакшы ысым деп койгон.

Бир жолу үйдөн суу ичейин деп жатсам, акем «Алсу, ал сууну ичпе. Ал сууга тийбе. Ал сууну мен алып келгем» деп тамашалаган экен. Ал баттан сүйлөп салса мен түшүнбөй туруп калдым. Ал мени таарынып калды деп коркуп кетиптир. Учурда Таластагы колледжде англис тили боюнча билим алып жатам. Аны бүтүп котормочу болсом деймин. Өз алдымча интернеттен корей тилин өздөштүрүп жатам», - деди ал.

Алсу үй-бүлөдө жалгыз кыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×