Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуКара-Көл 13.02.2020 15:41

Кара-Көлдө Ооган согушунда каза болгон жоокерлер эскерилди

Turmush -  Бүгүн, 13-февралда Кара-Көл шаарында Ооган согушунда каза болгон жоокерлерди эскерүү митинг-реквиеми болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Бул иш-чарага шаар мэри И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, №718 аскер бөлүгү, аскер комиссариаты, Ооган согушунун ардагерлери жана мекеме- ишканалардын жетекчилери катышты. Алгач алар Ооган согушунда каза болгон И.Ажыматов менен А.Каиповдун «Жеңиш» гүл багындагы эстелигине гүлчамбарларды коюшту. Андан соң аларды эскерип, бир мүнөттүк тыныгуу жарыяланып, куран окулду.

Шаар мэри И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, №718 аскер бөлүктүн башчысы А.Турсуновдор сөз сүйлөшүп, Ооган согушунда каза болгондорду эскеришип, мындан ары мындай каргашалуу согуштун болбошун жана ар дайым өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, өнүгүү, өсүү жолунда болушун каалашты. Ошондой эле 15-февраль — Советтик армиянын Ооганстандан чыгарылышынын 31-жылдык мааракеси менен шаардагы 17 Ооган ардагерлерин куттукташып, аларга бекем ден соолук, иштерине ийгилик, үй-бүлөсүнө бакыт каалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×