Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Баткен облусуКадамжай району 13.02.2020 11:43

Кадамжайдагы чек арадан Өзбекстанга сыналгыларды ташып бара жаткан адам кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 12-февралда Кадамжай районунда аткезчилик жүк ташып бара жаткан кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1988-жылы туулган Т.А. райондун Пылдырак аймагындагы чек арадан «Хундай Портер» унаасы менен Өзбекстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Унаасында тиешелүү документтери жок 24 даана сыналгы табылды. Кармалган жүк Бажы кызматынын өкүлдөрүнө тапшырылып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×