Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Чүй облусуАламүдүн району 13.02.2020 10:53

Аламүдүндө мектеп, бала бакча жетекчилерине коронавирус боюнча маалымат берилди

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аталган райондун санэпидемстанциянын кызматкерлери коронавирус боюнча мектеп, бала бакчалардын жетекчилерине маалымат беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмү билдирди.

Аталган иш-чарага 34 мектеп, 26 бала бакчанын жетекчилери катышты. Анда коронавирустун алдын алуу үчүн билим берүүчү жайларда кандай иштерди жасоо керектиги айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×