Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Нарын облусуАт-Башы району 28.01.2020 15:36

Кычыраган суукта Ат-Башынын эли нааразычылык акциясына чыгышты. Видео

Turmush -  Ат-Башы районунун айрым тургундары индустриалдык-соода-логистикалык борборду кытайлардын курушуна каршылык көрсөтүп чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдына болжол менен 400гө чукул адам чогулуп, бир ооздон борборду кытай ишкерлери курууга каршы экенин билдиришти. Алар мындай акцияны 30-январда дагы уюштура турганын белгилешти. Нааразы болгондор кытайларга жер бербей, аталган борборду Кыргызстандын ишкерлери курсун деп суранышат.

Ат-Башы айылынын тургуну Бактыгүл Молдошева: «Бизге байлыктын кереги жок. Өзүбүз менен өзүбүз жүрөбүз. Өкмөттөн жардам сураган жокпуз. Ал жак иштесе байыйт деп жатат. Андайдын кереги жок. Кытайларга жерди 49 жыл эмес, 49 күн берсе да, ал жактан өмүрү чыкпайт. Ошол үчүн биз каршыбыз», - деди.

Тема боюнча: Ат-Башыда индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу талкууланды
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×