Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Баткен облусуБаткен 28.01.2020 17:35 На русском

«Сен апама сөз кайтарасың»: Күйөөсү сабап, ооруканага түшкөн келиндин башы кыймылдап, токтобой жатат. Видео

Turmush -  Баткен районунун 31 жаштагы тургуну Төрөбек кызы Каныкей күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып, учурда Баткен облустук ооруканасында дарыланып жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда башы, бели ооруп, коюу тамак жей албай, колун көтөрө албай жатат.

«Өзүмдүн жолдошумдун ур-токмогунан улам ушундай абалга туш болдум. Азыр мойнум кыймылдап токтобой жатат. Бул менин экинчи турмушум. 2018-жылдан бери чогуу жашап келебиз. 2019-жылдын октябрынан баштап ура баштады. Экөөбүз тең Москвада иштеп жүрдүк. Ошол жактан табышканбыз. Баткенге октябрь айында келгенбиз. Жолдошумдун досу «Москвадан келиптирсиң» деп үйүбүзгө келген. Мен ал досун тааныбайт элем. Аны кошуна окшойт деп ойлогом. Кийин жолдошум «сен менин досум үйүмө келсе тамак жасабадың» деп ура баштады.

Кайын энем тамак бышыруу үчүн азык-түлүктөрдү өлчөп берет. Кээде жашырып коет. Күйөөм кээде «сен апама сөз кайтарасың» деп урчу. 14-январь күнү кечки тамакты ичип бүткөндөн кийин жолдошум ошол досума тамак жасап бербедиң деген сөздү козгоп, мен кайын энеме «сиз айтып койбоптурсуз» дегеним үчүн «апама сөз кайтардың» деп ур-токмокко алып, көчөгө кууп чыкты. Кайын энем артымдан бут кийимимди ыргытып, үйгө кирип кетти. Мен терезени такылдатып, «курткамды, сумкамды алып алайын» десем, телефондон сим-картаны алып калып, курткам менен сумкамды ыргытып коюшту. Көчөдө бир такси өтүп бара жатыптыр. Аны токтотуп, Баткен шаарына чейин келдим. Апамдарга айтпадым. Буга чейин да ушинтип урганда «Турмуш ушундай болот. Кайын журтуң менен тил табыш» деп кайра жолдошума алып барып ташташчу», - деди ал.

Апасы Мария айымдын айтымында, кудагыйы кызын үйдөн кууп чыккандан кийин ага телефон чалып, «кызың менин акчамды уурдап чыгып кетти» деп айткан. Ал кызын келет деп үйүндө түнкү саат он экиге чейин күткөн. Кызына телефон чалса өчүк болгон. Бирок кызы келген эмес. Анан кудагыйына телефон чалса «келген жок» деп айткан. Кийин ал Баткен РИИБге барып, кызы дайынсыз жоголгону боюнча арыз жазып, издөө жарыяланган. 21-январь күнү кызы ооруканада экенин билген.

Кызы ошол күнү такси менен Баткен шаарына келип, таякесинин үйүнө барганы такталган. Таякесинин достору арак ичип отурганын көрүп, ал жактан чыккан. Көчөдө бара жатканда башы айланып отура калып, бейтааныш аял жардам берип, үйүнө алып барган. 2-3 күн караган соң аны ооруканага жеткирген. Кызы ага ооруканада жатып телефон чалган. Учурда кызынын башы кыймылдаганы токтобой, колун көтөрө албай жатат. Бели, башы тынбай ооруп, тамак жей албагандыктан күндө ооруканага келип, кызын кечке чейин карап жатат.

«Биз өзүбүз Баткен районунун Кара-Булак айылынан болобуз. Кызым Каныкей Москва шаарында иштеп жүрүп, ушул күйөө балам менен таанышып, турмушка чыкты. Күйөө балам Баткен районунун Бужум айылынан болот. Буга чейин ортосунда чыр болгон эмес. Акыркы убакта тез-тез кайталана баштады. 2-3 жолу үйгө «Жолдошум урду. Көп уруша баштадык. Ал «жашабайм, кет» деп жатат» деп келген. Мен «Кой антпе, уят болот, кызга болушкан болбойт. Намыс керек, бара-бара түшүнүп калат» деп, кайра алып барып койгом. Күйөө балам апасы экөө жашайт. Мен кызымды жашап кетсин деп алып барып койгон сайын аларда жалынып жашайт дегендей ой пайда болду окшойт», - деди апасы.

Баткен ОИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын лейтенанты Керемет Шерматова жабыр тарткан келин жолдошунун үстүнөн арыз жазганын билдирди.

«14-январь күнү Баткен РИИБге Төрөбек кызы Каныкейдин апасы кызы дайынсыз жоголгону боюнча кайрылган. Арызын кабыл алып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө Каныкей табылып, 21-январь күнү медицина кызматкерлери ал Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна денесинен жаракат алганын айтып кайрылганын кабарлашкан. Биз оорукананын травматология бөлүмүнө бардык. Каныкейдин түшүнүк катын алдык. Ал жолдошунун ур-токмогунан улам жаракат алып, ооруканага түшкөнү тууралуу арыз жазды. Учурда арыздын негизинде тергөө жүрүп жатат. Денесиндеги жаракатты аныктоо максатында соттук-медициналык экпертиза дайындалды. Корутундусу чыккандан кийин тергөө амалдарын улантабыз», - деди ал.

«Жаңыл мырза» кризистик борборунун директору Токтокан Мамбетова жабырланган келинге юридикалык жана психикалык жактан жардам бере турганын белгиледи.

«23-январда Каныкейдин апасы кайрылды. Ал кызын ооруканага жаткырганын, дарыгерлер жакшы карабай, дары-дармек жазбай жатканын айтып жардам сурап кайрылган. Мен өзүм барып, кыздын абалын көрдүм. Өтө өкүнүчтүү. Башы кыймылдап, токтобой калыптыр. Өз алдынча кыймылдай албайт. Биз Каныкейге юридикалык жана психикалык жактан жардам бере алабыз», - деди ал.

Токтокан Мамбетова буга катар эле аталган кризистик борборго 1 жылда зордук-зомбулукка кабылган 500-600дөй адам кайрыларын айтты.

Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, 2019-жылы облуста үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандардын саны 211 адамды түздү. Кызыл-Кыя шаарынан 32 адам, Кадамжай районунан 71 адам, Баткен районунан 21 адам, Лейлек районунан 55 адам, Сүлүктү шаарынан 14 адам жана Баткен шаарында 18 адам жабыр тарткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×