Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Нарын облусуКочкор району 21.01.2020 08:12

Кочкордо бодо мал, топоздорду жеп жүргөн карышкыр атылды. Видео

Turmush -  Кочкор районундагы мергенчилер Жумгал, Кочкордогу бодо мал, топоздорду жеп жүргөн карышкырды атышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мергенчи Таалай Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, аңчылар Сөөк жайлоосунан 6 карышкырды кубалап ата албай, жырткычтар Жумгалга ашып кеткен. Из чалып кубалаган мергенчилер Окторкой менен Сандыктын чегинен карышкырларды туш тарапка чачыратып, бир дөбөт карышкырды атып алышты. Калган 5 карышкыр кутулуп кеткен. Олжолуу келе жаткан мергенчилер Көк-Жар айылынан бир чөөнү атышкан.

Ошондой эле мергенчилердин дагы бир тобу Шамшы айылынан 2 карышкырды атып алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×