Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ош облусу, Ош 14.01.2020 20:00

Оштун Черемушки кичи районунда бала бакча курулат. Сүрөт

Turmush -  Ош шаарынын Черемушки кичи районунда жаңы бала бакча курулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, быйыл эл көп жашаган кичи райондордо жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 бала бакча куруу пландалып жатат.

Бүгүн, 14-январда калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов муниципалдык менчиктеги 3 кабаттуу шаардык клиникалык оорукананын терапия стационарынын мурдагы имаратын көргөнү барды. Имарат 1961-жылы курулган. 2019-жылы шаардык оорукананын жаңы имараты курулгандан кийин терапия стационары дагы көчүрүлүп, имарат мэрияга кайтарылган.

Таалайбек Сарыбашов тийиштүү кызматтарга имараттын абалын текшерүү боюнча атайын комиссия түзүп, изилдеп чыгууну тапшырды. Комиссия имарат авариялык абалда экенин аныктаса, анын ордуна заманбап бала бакча курулат. Эгерде имарат авариялык абалда эмес деген чечим кабыл алынса, капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, бала бакча үчүн берилет.

2019-жылы шаардын бюджетинин эсебинен Амир-Темир, Түштүк-Чыгыш кичи райондорунда жана Жапалак аймактык башкармалыгынын Арек айылында жаңы бала бакчалар курула баштаган. Алар жакынкы айларда пайдаланууга берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×