Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Нарын облусу, Нарын 14.01.2020 22:57

Нарында былтыр өрт кырсыгынан 6 адам жабыркаган 

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  2019-жылы 12 ай ичинде Нарын облусунун аймагында 120 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 20,5 пайызга азайган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өрттөн келтирилген материалдык чыгымдар 8 миллион 189 миң сомдон ашык каражатты түзгөн (2018-жылга салыштырмалуу 1 млн 716 мин сомго көбөйгөн). 66 млн сомдон ашык материалдык баалуулуктар сакталып калган. Ошондой эле өрттөн 6 адам жабыркаган.

«Кырсыктын негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык, мештерди жана морлорду этиятсыз колдонуу, балдардын от менен ойногону. Өрттүн 13,3%ы турак жай секторунда болгон. Анда 1 млн 522 миң 238 сомдук материалдык чыгым келип чыккан», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×