Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 14.01.2020 12:28 Жаңыланды: 14.01.2020 17:04 На русском

Базар-коргондук мигрант кичи мекенинде мектеп куруп берди. Видео

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагынын Кызыл-Алма участкасында 150 орундуу эки кабаттуу мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мектептин курулушуна керектүү каражатты жергиликтүү тургун, жеке ишкер Кубат Досматов бөлүп берген. Ал эми айыл эли курулуш иштерине көмөктөшкөн.

Жеке ишкердин салымы менен пайдаланууга берилген мектептин ачылыш аземине өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, облустук усулдук билим берүү борборунун жетекчиси Акылбек Токтосунов, район акими Айбек Бегимкулов катышты. Анда Ы.Ызабеков ишкерлер тарабынан спорт залдар, бала бакча курулганын, мамлекетке көмөк көрсөтүп жатканын белгиледи.

«Бул ишкердин билим берүү тармагына көңүл бурганы бизди да кубантып турат. Тоолуу жердеги элет эли үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду», - деди ыйгарымдуу өкүлдүн орун басары.

Эки кабаттуу, алты бөлмөдөн турган мектеп №19 Арстанбап атындагы орто мектептин филиалы болуп калат. Анда 1-4-класска чейинки 150 бала билим алат. Элеттин окуучулары Арстанбап атындагы орто мектепке баруу үчүн 5-6 чакырым жол басчу. Өзгөчө кыш мезгилинде балдардын мектепке баруусу кыйынчылык жаралып келген. Мындан улам жергиликтүүлөр айылга спорт зал курууну көздөгөн Кубат Досматовдон башталгыч класстар үчүн мектеп куруп берүүнү өтүнүшкөн.

Мигрант Кубат Досматовдун агасы Бахадыр Темирбаевдин айтымында, аларга жергиликтүүлөр көмөктөштү.

«Иним элдин суранычы менен ушул объектти бүтүрдү, биз да сүйүнүп турабыз. Кубаныч курулуш материалдар үчүн акча салып турду, айыл эли өздөрү уста болуп иштеп беришти. Көп жылдан бери объекттерди куруп келген усталар иштешти. Айыл эли кара жумушту өздөрү жасашты. Элдин жардамы менен курулуш 6 айда бүткөрүлдү, жылуулук берүүчү мештерден бери орнотуп бердик. Мектептин аянты 25 сотых жерди түзөт, аны Жингир Осмонбаев деген тургундун уулдары беришти. Айыл өкмөт 130 метр плиткасын алып берди», - деди ал.

Кубат Досматов 24 жылдан бери Россияда иштейт. Үй-бүлөсү менен борбордо турат.

«Мен жергиликтүүлөргө спорт зал куруп бергим келген, балдардын кыйналып окуп жатышканын айтышкандыктан мектеп курууга бел байладык. Эми курулушту бүтүрүп, пайдаланууга бердик. Колубузда келип турганда элге, мамлекетке жардам беришибиз керек деп ойлойм», - деди ал.

Эки кабаттуу имаратты куруу үчүн 6 миллион сомдой каражат жумшалган. Жаңыдан бүткөн мектепке эмеректердин жетишсиздиги бар, азырынча эски парта жана столдор колдонулуп турат. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү февраль айында мектеп жаңы эмеректер менен камсыздаларын билдиришти.

Арстанбап орто мектебинин имараты 1953-жылы 240 орунга ылайыкталып курулган. Учурда 1,5 миңге чукул окуучу билим алат. Арстанбап айыл аймагында 6 мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×