Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Талас облусуБакай-Ата району 14.01.2020 12:22

Мекендештер: Бакай-аталык Р.Кожоматов Түштүк Кореяда мрамордон такталарды жасап жатат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын 33 жаштагы тургуну Руслан Кожоматов учурда Түштүк Кореяда мрамордон такталарды жасап иштеп жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Анын айтымында, Кореяда буга чейин да иштеп келген. Айлык акысы 2000-2500 долларга чейин болот.

«Кореяга келүү үчүн атайын система менен расмий түрдө жумуш берүүчүлөр менен Кыргызстандан келишим түзүп, 3 жылга жумуш визасын ачтырабыз. Бул жылдардын ичинде жакшы иштесек дагы 1 жыл 10 ай Кореяда жүрүүгө уруксат берилет. Ошону менен Кореяда 4 жыл 10 ай жүрүүгө укугубуз бар. Мен өзүм Кореяга эң биринчи 2009-жылы келип, 4 жыл 2 ай жүрүп кеткем. Биринчи келгенде тил билбей аябай кыйналган болчубуз. Өз алдыбызча 6 айдын ичинде корей тилин үйрөнгөнгө аракет кылдык. Азыр кудайга шүгүр, эркин сүйлөшө алабыз.

Азыр Кореяга экинчи жолу келишим. Учурда Кореяда мрамордон такталарды (столешница) жасап чыгаруучу ишканада иштеп жатабыз. Корея менен Кыргызстандын айырмачылыктары өтө көп. Корея экономикасы өнүккөн мамлекеттердин бири. Өнүккөн жерде жаңы ачылыштар дагы көп болот экен. Калктын саны да көп. Күндө эртең менен турсаң жаңы телефон чыгып калган болот. Дагы бир жума өткөн соң жаңы унаа чыгып калган болот. Өнүгүүсү өтө күчтүү.

Кыргызстан менен Кореянын экономикасын эч салыштырганга болбойт. Кореяда «пали-пали» деген сөз «тез-тез» дегенди түшүндүрөт. Тамак ичип жатса дагы, жумуш кылып жатса дагы «пали-пали» деп айтышат. Кандай нерсе кылбасын ошол сөз ооздорунан түшпөйт. Өздөрү дагы «ушул тез-тез деген сөздүн аркасынан ушундай өнүгүү болду» деп айтып калат. Корей эли абдан меймандос эл болушат. Меймандостугу бизге окшоп кетет. Конок келсе сыйлашат. Өздөрү жапакеч болушат. Мен директормун деп, башка чоң нерсени айтпайт. Ошонусу менен адамды өздөрүнө тартып турат», - деди ал.

Үй-бүлөдө 1 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×