Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуНоокат району 13.01.2020 17:39

Талаадагы малды атып, этин касапчыларга саткан шектүүлөр кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокатта малды талаадан атып өлтүрүп, этин касапканага тапшырган уурулар кармалды. Бул тууралуу Ноокат райондук прокуратурасы билдирди.

Ушул жылдын 10-январында Ноокат РИИБге Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Көтөрмө айылынын тургуну К.Т. арыз менен кайрылган. Ал арызында 2020-жылдын 8-январына караган түнү аталган айыл өкмөттүн Кан-Жылга жайытында жүргөн жылкыларынын ичинен бир баш жылкысын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген.

К.Тойгонбаевдин арызы Ноокат РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренесинин (уурдоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Райондук прокуратура тарабынан кылмыштын бетин ачуу боюнча тергөө кызматына көрсөтмөлөр берилип, анын жүрүшүндө аталган кылмыш С.Б., А.Б., М.А., И.Б. аттуу адамдар тарабынан жасалганы аныкталган. Тактап айтканда аталган адамдар К.Тойгонбаевдин жылкысын жайытта жүргөн жеринен мылтык менен атып, андан соң этин Өзгөн шаарына алып барып, И.Б. аттуу жаранга сатышканы белгилүү болгон. Аталган 4 шектүү Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Далил катары 16-калибрдеги сайсыз ок атуучу курал алынган.

Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан кылмыштуулуктун санын кыскартуу, кылмыштардын бетин дароо ачуу, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу максатында иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×