Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Баткен облусу, Сүлүктү 13.01.2020 22:00

«Мекендештер»: Кытайда акысыз окуган Акжол достору менен чогуу кайрымдуулук иштерин жасайт

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каармандары — Акжол Токтошов.

Ал Кытай Эл Республикасындагы Хух-Хото шаарында билим алган. Учурда жубайы билим алып жатат.

Акжол Токтошов 1991-жылы Баткен облусунун Сүлүктү шаарында туулган. Ал бала кезинде ашынган тентек болуп, бирок математика сабагын мыкты окуган. 2009-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кытай тили жана адабияты факультетинде билим алып баштап, студенттик күндөрүнөн тартып Кытайга болгон «сүйүүсү» ойгонгон.

«Мектепте кыйратып деле окуган жокмун, бирок математика сабагын жакшы окудум. Ар бир студент кыйналса керек. Мен деле алардын катарын толуктадым десем болот. Анын үстүнө кытай иероглифтерин жаттоо оор эмеспи. Түшкө чейин кытай тилин өздөштүрсөм, түштөн кийин түрк тилин окушум керек болчу. Бирок кыйналганымдын пайдасы тийип, окууну бүткөндөн кийин эки жыл түрк фирмаларда иштедим.

Студенттик күндөрдөн тартып Кытай мамлекети тууралуу маалыматтарды окуп, издеп баштагам. Эң биринчи эле Кытайдын 5 миң жылдык тарыхы бар Улуу Кытай сепили кызыктырып, Кытайды ушунусу менен «сүйүп» калдым. Ал эми Кытай мамлекетиндеги окууга кызыкканымдын себеби — студенттерге төлөнгөн стипендия жогору экен. Ошентип 2014-жылы Кытайдын Хух-Хото шаарындагы Ички Моңголия университетиндеги филология факультетине өтүп кеттим», - деди ал.

Жубайы Фатима менен кызын Кытайга 2016-жылы алып кеткен.

«Виза ачуу кыйынга тургандыктан окуу жайымдан чакыруу келип, ошонун негизинде үй-бүлөмдү өзүм менен кошо алып кеттим. Окууну 2019-жылы жай айларында аяктадым. Визам үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу 1 жылга окуу жай тарабынан узартылды. Келинчегим Фатима да мен окуган факультетке кабыл алынган. Быйыл дипломдук ишин жазуу менен алектенип жатат. Буюрса алган билимим менен Кыргызстанга барып иштейбиз. Адам өзүн эч качан чектебеши зарыл. Маалымат технологиялары тездик менен өнүгүп жаткан учурда адамдар күнүгө окуп туруушу керек.

Адам башынан кыйынчылык өткөрмөйүн аны түшүнө бербейт эмеспи. Мисалы, эң биринчи жолу виза ачтырууда, алгач университетти таап барууда жана башка кыйынчылык болгон. Ошондуктан Кытай мамлекетине билим алууга келген мекендештериме жардам берип келем. Айрымдарга виза ачтыруунун жолун көрсөтүп, шаар, университет менен тааныштырып, колумдан келген жардамымды берип жатам. Мен да Кытайга келгенде ушундай кыйынчылыктарга туш болгон элем.

Эми Кытай жөнүндө айтсам, эли абдан жөнөкөй. Жаратылышка, адамдарга аяр мамиле жасашат. Бизде Кытайдын товары сапатсыз болот деген түшүнүк калыптанган. Бирок бул жакта сапаттуу тамак-аш, кийим-кечени табууга болот.

Кытайдагы журтташтарыбыз менен жолугуп турабыз. Жыл сайын алган стипендиябызды бөлүп, кайрымдуулук иштерин да жүргүзүп келгенбиз. Азыр да бул иштер менен алекпиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×